Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан Миңбай-Ата жаңы конушун таза суу менен камсыз кылуу маселеси толук чечилди, деп билдирди окурман.
Анын айтымында, айыл өкмөтүнүн сунушун «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду каржылап, долбоор бир айдын ичинде ишке ашты.
«Долбоордун жалпы наркы 1 млн сомду түздү. Кыргыз Республикасынын президентинин 2018 -жыл - Аймактарды Өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашкан бул долбоордун жыйынтыгында 300дөн ашык адам таза суу ичүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бүгүн, 28 апрелде ачылыш аземи Жаңы-Жер айылында өттү. Ал эми жаңы конушка 2000 метр жаңы суу түтүктөрү орнотулуп, суу мунарасы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Ошондой эле, жаңы кубаттуулугу күчтүү суу соргучу орнотулду. Иш чаранын аягында ыраазычылык каты берилди», - деп белгиледи ал.
Комментарии