Репортер

Фото — Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарында жайгашкан эс алуу жайлары текшерилди

5957

Ыссык-Көл областнынын Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарында жайгашкан эс алуу жайларынын жайкы туристтик сезонго даярдыгын текшерүү иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бостери айыл өкмөтү билдирди.


Айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 13-14-июнь жана 19-июнь күндөрү аталган айылдарда жайгашкан эс алуу жайларынын жайкы туристтик сезонго даярдыгын текшерүү максатында ошондой эле айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерин, эс алуу жайдын парко-пляж зоналарын тактоо боюнча Бостери айылдык кенешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен комиссия курамы түзүлүп, даярдык иштерин көрүп чыгышты.

 

Комиссия курамынын төрагасы болуп айылдык кенештин депутаты, Таалай Буржуев шайланып, комиссия мүчөлөрүнө айылдык кенештин депутаттары Айбек Жапаров, Тимур Айылчиев, Нурзат Сыдыкова, Уларбек Сыдыкбеков, Эмир Иманалиев, Мезгил Джээнтаев, «Бостери Тазалык» ишканасынын жетекчиси Алмаз Тарпанбаев, Бостери айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Айзада Жумбаева, Бакыт Тажыканов, Самый Эсеналиев айылдык кеңештин токтомунун жана айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде бекитилди.

 

«Жай мезгили башталгандан тарта көл жээгинде эс алып жүргөндөрдүн эс алуу маданияты сакталбай, жаратылышка ар кандай зыян келүүдө. Ысык-Көлдөгү эң орчундуу маселелердин бири бул — саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын талапка жооп бербегендиги болуп эсептелет.


Ысык–Көл району боюнча жалпысы болуп жүз элүүдөн ашуун эс алуучу жай бар. Бирок бул адисттер айткан расмий гана маалымат боюнча, көмүскөдө иш алып барган паснионттар мындан эки эсеге көп болушум ыктымал. Сексен пайыздан ашуунунда саркынды сууларды тазалоочу жайлар жок, болгон күндө деле көпчүлүгү тээ союз мезгилинде салынган бойдон жаңылана элек.


Түзүлгөн комиссия курамы Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарындагы эс алуу жайларын текшерүү учурунда да саркынды суулар маселеси каралып, коомдук бекер ажаткана ачылыш керек экендиги эскертилди, жергиликтүү тургундардан эс алуу жайга кызматка алынышы, мыйзамсыз, башаламан коюлган соода-сатык түйүндөрүн иретке келтирүү, парко-пляж зоналарынын тазалыгы, акыр-чикир таштоочу урналардын санын көбөйтүү, эс алуу жайдын айланасындагы жарык берүүчү столбаларга электр линияларын тартуу, жолдорун ондоп-түзөө жана жайкы эс алуу мезгилине даярдык кандай жүрүп жаткандыгы боюнча маалымат алышты», - деп билдирет айыл өкмөтү.

 

Түзүлгөн комиссия курамы эс алуу жайлары менен тыгыз байланышта болуп, биргеликте иш алып баруу маселелери сүйлөшүлдү.


Текшерүүнүн учурунда «Каприз», «Ден Соолук», «Алмазный Берег», «Лотос», «Тулпар», «Лучезарное Побережье», «Достук», «Жетиген», «Золотые Пески» эс алуу жайларына эскертүүлөр берилип, тез арада кемчиликтерди жоюга убакыт берилди, деп белгиленет билдирүүдө.

 

Мындай текшеруүүлөр түзүлгөн комиссия курамы менен байма бай эс алуу жайларда, жеке менчик конок үйлөрүндө жүрүп турмакчы. 


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү