Репортер

Тоо койнундагы Нарын шаары: Келечекке мерчемделген долбоорлор…

19000 На русском

Нарын шаарынын келечеги үчүн мерчемделген долбоорлор…

Нарын шаарынын инфратүзүмүн жакын арада жакшыртуу максатында 17 долбоор иштелип чыгып, аларды иш жүзүнɵ ашыруу аракеттери кɵрүлүүдɵ. Ар кандай каржы булактарын табуу менен алардын айрымдары жүзɵгɵ ашып жаткандыгын белгилесек болот.

Аталган долбоорлордун жалпы болжолдуу баасы 123 миллион сомду түзɵт.

Алар: Нарын шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу (долбоордун баасы 9 миллион сом);

Нарын шаарынын кире беришин реконструкциялоо (долбоордун баасы 8 миллион 200 миӊ сом);

Борбордук Т. Усубалиев атындагы аянтты реконструкциялоо (долбоордун баасы 20 миллион сом);

Нарын шаарынын РТС, Московский, Ак-Коргон аймактарын заманбап түнкү чырактар менен камсыздоо (долбоордун баасы 6 миллион 320 мин сом);

Шаардын батыш бөлүгүнө “Панорама” эс алуу жайын куруу (долбоордун баасы 15 миллион сом);

Т.Пудовкин атындагы гүлбакты реконструкциялоо
(долбоордун баасы 1 миллион 760 мин сом);

Шаар ичиндеги 5 паркка балдар жана спорт аянтчаларын уюштуруу (долбоордун баасы 5 миллион сом);

Борбордук Ала-Тоо стадионун реконструкциялоо (долбоордун баасы 14,5 миллион сом);

Заманбап үлгүдɵгү 23 аялдама орнотуу (долбоордун жалпы суммасы 2 миллион 530 мин сом);

Шаар ичине 500 даана таштанды салуучу челектерди орнотуу (долбоордун баасы 3,5 миллион сом);

Таштанды таштоочу 2000 даана чакан идиштерди орнотуу (долбоордун баасы 2 миллион сом);

“Жаштар” паркынын экинчи бɵлүгүн реконструкциялоо (долбоордун жалпы баасы 1,5 миллион сом);

Опорный гүлбагын реконструкциялоо (долбоордун жалпы суммасы 1 миллион сом);

Нарын шаарынын Ак-Коргон жана РТС аймактарына жɵɵ адамдар басуучу аллея салуу (Ак-Коргонго салуучу аллеянын баасы 15 миллион сом);

SMART парктын ичине кафетерий жана коомдук ажаткана куруу (долбоордун жалпы баасы 5 миллион сом);

Заманбап ЛЭД экрандарды жана электрондук маалымат такталарын орнотуу (долбоордун баасы 700 000 сом).


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү