Айдоочу автоунаасын жолдун ортосуна жайгаштырып, башкаларга тоскоолдук жаратты.
Окурмандын айтымында, окуя бүгүн, 1-сентябрь күнү Ош шаарындагы Нариман орто мектебинин жанында болгон.
"Мэрдин кеңешчиси болуп иштейм деген киши автоунаасын жолдун ортосуна токтотуп коюп, башка унаалардын чыгышына жолтоо болду. Ал Нариман орто мектебине билим күнүнө мэриянын өкүлү катары келгенин айтып, мектептеги жыйынга кирип, президиумга чыгып олтуруп алып, бир канча киши автоунаасын алып коюусун өтүнсө да чыкпай койду, чогулган эл сүрөткө тартып, Фейсбукка чыгарабыз дегенде жыйындан чыгууга мажбур болду", - деп билдирди окурман.
Комментарии