Репортер Рус | Кырг
16+
Көйгөй
билдирүү

Аламүдүн райондук Жарандык коргонуу бөлүмү окуучуларга семинар өткөрдү

202

11-сентябрда Аламүдүн райондук Жарандык коргонуу бөлүмү тарабынан райондогу мектеп окуучуларына семинар өткөрүлдү. Семинарга №1 Аламүдүн орто мектебинин «Жаш куткаруучулар» тобу катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, семинарда өспүрүмдөрдү сууга түшүүдө, жер титирөөдө, өрт чыгууда биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча теориялык жана практикалык көрсөтмөлөрдү кенири айтып беришти.

Мектеп окуучуларына куткаруучулар керектүү шаймандар менен тааныштырып, көрсөтүп берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

1
13

Комментарии

Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
   

АКИpress'ке кирүү