Репортер

Ноокаттагы Кулуштан айылындагы электр мамычалары өкмөт тарабынан аткарылбай жаткан иштерге байланыштуу начар абалда, - «Ошэлектр»

(добавлено: 14 нояб. 2018) 8227

«Ошэлектр» ААКу Ноокаттагы Кулуштан айылындагы электр столбдору начар абалда маалыматына жооп берди:

«Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтунун Кулуштан айылын аралап өткөн жогорку чыналуудагы «Абшыр» (ВЛ-10 кВ) аба чубалгысында турган 26 даана мамычанын аралыктарына бак-дарактарды тигип, ар кандай курулуштарды куруп, жергиликтүү эл тарабынан корук аймактары бузулгандыктан, биздин жумушчулар иштегенге эч кандай мүнкүнчүлүктөр жок болуп акыры Мамлекеттик экотехинспекцияга сураныч кат аркылуу 2015-жылы кайрылып, Мамлекеттик экотехинспекциянын испекторлору келип, Кулатов айыл өкмөтүнө линияны жолдун четине чыгаруу боюнча эскертме берген. Баары болуп 26 даана мамыча айыл өкмөтү тарабынан жолдун четине чыгарылыш керек эле. Кулатов айыл өкмөтү тарабынан 20 даана электр мамыча жолдун четине чыгарылган, бирок бүгүнкү күндө тасмада көрсөтүлгөн 6 даана мамыча (742,743,744,745,746,747) тилеке каршы айыл өкмөт тарабынан аткарылбай жатат».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?