Репортер

Ак-Ордо конушунда электр жарыгы маселеси качан чечилет? - жашоочу

(добавлено: 20 нояб. 2018, обновлено: 23 нояб. 2018) 4943 Ответили

На данную новость получен ответ «Түндүкэлектр» окурмандын Ак-Ордо конушунда электр жарыгы маселеси боюнча жооп берилди

Ак-Ордо конушунун «Е» жана «Ж» кварталдарында электр жарыгы маселеси бар, деп кабарлады окурман.

«Биз жашаган кварталдарда 200дөн ашуун үй бар, ал эми жашоочунун саны 1000ден ашат. Документ боюнча Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагына карайт. Кыш башталып, күн сууктагандан бери свет маселеси пайда болду. Учурда 10 күндөн бери свет үзгүлтүккө учурап, күнүнө 1-2 саат гана берилсе берилет же такыр 2 күн свет жок болуп калат.

Светтин өчүү себебин, биз, жашоочулар квартальныйга кайрылып, иликтеп көрсөк, биздин трансформатордун кубаттуулугу 250 кВт болуп, күчү жетпей автоматы ээрип кетип жатыптыр. Негизи бул кубаттуулукка максимум 50-60 гана үй көтөрө алат экен. Бул боюнча жашоочулар Ново-Павловка РЭСине жана Түндүкэлектронун Сокулук райондук кенсесине кайрылганда, алар силердин трансформатор биздики эмес, ал айыл өкмөткө тиешелүү, ошон үчүн аны айыл өкмөттөн сурагыла, биз жардам бере албайбыз, деп узатышты. Анан айыл өкмөткө бардык, барсак алар айтат, биздин бюджетте акча жок, биздин колдон келгени ошол. Эгер кааласанар биз башка Б/У трансформатор берели, аны өзүнөр орнотуп алгыла, деп узатышты. Аны да макул деп карапайым калк акча топтоп, орнотуп алалы десек, ага да бир короо акча керек болот экен. Эң аз дагы бир трансформатордун акчасы сарпталат экен орнотууга. Бир трансформатор кубаттуулугуна жараша 100 мин сомдон 800 мин сомго чейин турат экен. Андай акчаны кээ бир жашоочулар топтогонго кудурети жетсе, кээ бири жетпейт, анткени көп балалуу жалгыз бой энелер көп бизде.

Эмне учун биз Түндүкэлектронун абоненти болуп туруп, ал жактан жардам ала албайбыз?Ошол эле учурда үзгүлтүксүз төлөп келебиз жана трансформаторду өзүлөрүнүн эсебине өткөрүп алуу ошончолук кыйынбы?

Ошол эле айыл өкмөтү квартальный менен биргеликте өзүлөрү жашаган аз сандагы үйү бар кварталга кубаттуулугу 2 эсе болгон трансформаторду коюп алышкан. Биз жакта 200 үйгө 250 кВт трансформатор ал эми алар жакта 180 үйгө 1000 кВт трансформатор коюлган», - деп билдирди ал.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?