Репортер

КУУнун жатакансында ремонт иштери бүтпөй келет, - жашоочу

(жарыяланган: 6 дек. 2018) 0 На русском

КУУнун жатакансында 1,5 айдан бери ремонт иштери бүтпөдү. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин окутуучусу, ошол эле учурда 9-жатаканасынын жашоочусу кабарлады.

Анын айтымында, жатаканада сентябрь айынын орто ченинен башталган ремонт иштери азыркы учурга чейин бүтпөй келет.

«1,5 айда бүтөт деп жетекчилик тарабынан айтылып, бирок куру сөз бойдон калууда, анткени жумушчулардан сурасак акча бөлүнбөй материал жок болуп жатат деп айтышты. Акчасы жок болуп туруп ремонт баштаган бул кандай жетекчи деген суроо жаралат экен, болбосо биз мына үч айдан бери төлөп атабыз жашаган акыбызды. Жарымынан көп бөлүгүндө унитаз, суу аттуу жок, 3-4 дааратканага кезекке туруп күн кечирип атабыз. Күндө чандатып иш жүрүп атат өңдүү кылып коюшуп, керосинди дубалга шыбаган боюнча сасытып коюп ремонт иштеринин дайыны жок», - дейт жашоочу.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү