Репортер

Жумгалдагы Ак-Көл табигый көлү адамды көтөрө турган абалда тунук муз болуп тоңгон (сүрөт)

Жумгалдагы Ак-Көл табигый көлү адамды көтөрө турган абалда тунук муз болуп тоңгон (сүрөт)
17047 На русском

Мындай абалды  Мамэкотехиспекциясынын Кочкор-Жумгал бөлүмүнүн инспекторлору табигый көлдүн коопсуздугун кароо жана жарандардын коопсуздугун алдын алуу боюнча текшерүү учурунда күбө болушкан.

Адистердин бири көлдүн так ортосуна чейин басып барып текшерип көргөн. Көл болгону 20 см гана тоңот экен. Салмак оорлошкондо кычырап жарылып баштаган. Көлдүн үстүнөн басуу, муз тебүүгө тыюу салынат жана кооптуу, дешет алар.

Эске салсак Ак-Көл табигый көлү Жумгал районунун Кабак айылына карайт.

Көл атайын табигаттан жаралгандай тунук жана таза, муздак. Ак-Көл көлү райондун борбору болгон Чаек айылынын түштүк-батыш тарабынан 42 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул көлгө Кең-Сай жана Үңкүр-Сай жылгаларынан келген мөңгү суулары куюп, жыл сайын кардын жана жаан-чачындын жаашына жараша көлдүн деңгээли өзгөрүлүп турат.

Азыркы күндө көлдүн жогору жагында Кең-Сай жана Үңкүр-Сай жылгаларынын кошулушунда 15 кожолук, мындан сырткары көлдүн төмөн жагында 6 чакырым аралыкта Кичи-Сары-Булуң айылында 7 кожолук эл жайгашкан.

Көлгө баруучу ички чарбалык унаа жолунда 3 даана жыгач көпүрө жана бир даана диаметри 1 метр болгон темир көпүрө жайгашкан. Ак-Көл көлү табигый көл болбогондугуна байланыштуу көлдөгү суунун деңгээлин туруктуу кармоо максатында иштетилбей калган эки даана түтүкчөлөрдү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул жайга сырттан келип кооздугуна суктанган элдин арышы арбын.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү