Репортер

Аламүдүн орто мектебинде Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү (сүрөт)

(жарыяланган: 12 дек. 2018) 0

Аламүдүн районундагы №1 Аламүдүн орто мектебинде Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Аалам алпы — Айтматов» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Окурмандын айтымында, кеченин жүрүшүндө жазууучунун өмүр жолу жөнүндө доклад окулуп, өмүр жолу чыгармачылыгы, сыйлыктары жөнүндө тасма көргөзүлдү.

Мектеп окуучулары жазуучунун чыгармаларынан көркөм окуп, чакан сценкаларды көргөзүштү, деп кошумчалады ал.

Анын маалыматы боюнча, райондук сынакта көркөм окуу боюнча Элдар Жакыпов 1-орунга, сценка сынагында «Кылым карытар бир күн» чыгармасы боюнча 4-орунга 9А классынын окуучулары Мейлисбек у Талант, Бектемир Асылбеков, ал эми 8А классынын окуучусу Венера Шакенова 4-орунга ээ болушту.

Мектеп ичинде өткөрүлгөн иш-чарага сүрөт, сценкалар, мыкты сабак, көркөм окуу боюнча сынактарга катышкан окуучулар мактоо баракчалары менен сыйланышты.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү