Репортер

«Жол коопсуздугу кѳйрѳңдүктү кечирбейт». Ошто арты менен бара жаткан унаанын айдоочусу жазаланды (видео)

22641 На русском

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма с ө з кызматы 13 январда Репортер АКИpress сайтында чыгралыган видео  боюнча жооп тартты. 

Макалада Ош шаарынын Р.Абдыкадыров атындагы көчөсүндө арты менен жогору ылдамдыкта бара жаткан «Тойота» үлгүсүндөгү  унаа жөнүндө жазылган.

«Бүгүн бул кооптуу абал түзгѳн автомашина жана анын айдоочусу кармалып, тиешелүү жазана салынды. Автомашина Ош шаарынын 2000-жылы туулган тургуну Мураталиев Марселге таандык болгон. Маалым болгондой, бул күнү айдоочу ѳз автомашинасы менен үйлѳнүү тойдун кортежинин катарында болуп, жолдо жүрүүнүн эрежелерин одоно түрдѳ бузган жана авариялык кооптуу абал жараткан. Автомашинаны кармаган учурда, анын арткы номерлери жок болгон. Айдоочуга административдин кодекстин 121-беренесинин (Транспорт каражаттарын каттоо,номердик белгини жайгаштыруу тартибин бузуу) талабына ылайык 1000 сом, 125-беренесинин (автобейбаштык) талабына ылайык 1000 сом жазана салынды. Айдоочу коомчулуктан кечирим сурады», -  деп Ош ШИИБнын басма сѳз кызматынын маалыматында айтылат.

 


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү