Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-кызматы окурмандын Бишкек шаарынын 8 троллейбустук каттамы өз убагында каттабаганын боюнча маалыматын карап чыгып, төмөндөгүдөй жооп берди:
«Бишкек шаардык троллейбустук башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул троллейбустук каттамда № 12 троллейбус бар, аралыгы 8-9 мүнɵттү түзɵт. Кечки жана эртен мененки убакыттарда кана жүргүнчүлɵр кɵп болгон болбосо, калган убакыттарда жүргүнчүлɵр аз эле болоорун бүгүн бул № 8 каттамды текшерип келген жүргүнчүлɵр агымын изилдɵɵчү адис далилдеди. № 8 троллейбустук каттам Чыгыш автобекетин жана Ак-Ɵргɵ жаңы конушун бириктирип турагандыктан аралыгы деле дээрлик алыс эмес. Бир гана шаар ичиндеги тыгындардан жабыр тартып келебиз,кечкисин жана эртен мененкисин каттам аралыгы 40 мүнɵттɵн ашып кетет».
Комментарии