Репортер

Ысык-Көлдүн жээгине автоунаасын токтотуп койгон айдоочуга 5500 сом айып салынды

(жарыяланган: 25 апр. 2019) 18222 На русском

Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайынын жээгине автоунаасын токтотуп койгон айдоочуга 5500 сом айып салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы кабарлады.

21-апрель күнү көл жээгине таксист унаасы менен кирип кеткендиги тууралуу «Репортер» сайтына эс алуучулар кабарлаган.

«Бул маалымат боюнча Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери иш жүргүзүп, унаа айып короого киргизилген. МЭТИнин Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Тоң жана Ысык-Көл райондору боюнча регион аралык башкармалыгынын башкы инспектору М.Кыштообаев бул жарандын өздүгүн тактап, 177-берененин негизинде 5500 сом айып пул салды», - деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Айдоочу күнөөсүн мойнуна алуу менен айып пулду төлөдү.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү