Репортер

Баткендеги Бөжөй айылынын тургундары электр энергия маселесин чечип берүүнү суранууда

Баткендеги Бөжөй айылынын тургундары электр энергия маселесин чечип берүүнү суранууда
7199

Баткен облусунун Баткен районундагы Бөжөй айылынын Үч көчө көчөсүндө электр карагайлары эскирген абалга жетти. Бул туурасында «Репортерго» айылдын жашоочулары билдиришти.

Алардын айтымында, карагайлар кулаганы турат, ал эми электр зымдары адам бою тең.

«Кайрылбаган эшик, барбаган жерибиз калбады, лампанын жарыгынан шамдын жарыгы жакшыраак болуп калды», - дешти алар.

Айыл тургундары тиешелүү органдардан бул маселени чечип берүүнү суранып жатышат.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?