Репортер

Учкун кичи районундагы көп кабаттуу жаңы үйдүн курулушу токтотулду

Учкун кичи районундагы көп кабаттуу жаңы үйдүн курулушу токтотулду
(жарыяланган: 7 февр. 2020) 13380

Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондор аралык
башкармалыгы шаардык тургундун Учкун кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу билдирүүсүнө жооп берди:

«Учкун кичи районундагы курулуш боюнча тапшырык берген А.С.Дөөлөтбаева төмөнкү документтерге ээ:

- 2020-жылдын 11 январында көп кабаттуу турак жай курууга биргелешкен
келишим;

- А.С.Дөөлөтбаевага Учкун кичи районунун №12 жана №14 үйлөрдүн каптал жагында дүкөндү долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 4 ноябрында чыккан №609 токтому;

-  Ч сериядагы №232457 жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт;
-  №14428 архитектуралык-пландоо шарттары;
-  2019-жылдын 10 июнунда «Бишкекбашкыархитектура» тарабынан макулдашылган долбоор;
- 2019-жылдын 17 декабрында №ГЭ-СА-579 долбоорго болгон мамлекеттик
экспертизанын корутундусу.

Азыркы убакта Бишкек шаары боюнча Мамэкотехинспекциянын региондор
аралык башкармалыгы тарабынан бардык курулуш иштерин токтотуу
боюнча тапшырыкчы ЖЧК «Гарант Строй Инвест» жана А.С.Дөөлөтбаевага кат
жөнөтүлдү.

Жогорудагы каттын негизинде тапшырыкчы ЖЧК «Гарант Строй
Инвест» жана А.С.Дөөлөтбаева тарабынан курулуш иштери токтотулду».

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Гарант Строй Инвест» компаниясынын жетекчиси Кылычбек Мажит уулу, түзүүчүлөр — Кылычбек Мажит уулу жана Мээрим Тойгоналиева. Компания каттоодон 2019-жылдын 23 декабрында өткөн».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү