Репортер

Чаткал айыл аймагында быйыл буудай себилди (фото)

(обновлено: 12 мая 2017) 3288

Чаткал районунун Чаткал айыл аймагында быйыл буудай себүү колго алынууда, билдирди окурман.

 

Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабековдун билдиришинче, өткөн жылы буудай себилген эмес. Мунун себеби, комбайндын жоктугунан улам, калк буудай себүүдөн баш тартып, тоютка ылайык өсүмдүктөрдү эгүүгө өтүп кеткен. Быйыл Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков коңшулаш Ала-Бука районунан комбайн алып келүүнү убада кылып, натыйжада, айыл калкы кайрадан буудай себүүнү колго алды.

 

«Быйыл элүү гектар гана буудай себүүнү максат кылуудабыз. Келерки жылы буудай аянтын жүз гектарга жеткиребиз деп максат кылуудабыз», - дейт Б.Исабеков.

 

Ал эми, буудай себүүнү колго алган жергиликтүү дыйкандар Жумабек уулу Каныбек жана Козубаев Алмаз эгин жыйноого комбайн болсо жыл сайын буудай себишээрин билдиришип, буудайды жегенге ун катары гана эмес, малга тоют катары да пайдаланышмак экендиктерин кошумчалашты.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?