17:15 / 04.10.2017

Баткенде губернаторго кирүүгө кезекке тургандар мушташып кете жаздашты (видео)

«Кечээ, 2-октябрда өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге кабылдамасында ага кирүүгө кезекте тургандар чатакташты. Алар бири-бирин жакалап, мушташып кете жаздашты. Чыр кезек талашуудан улам чыккан. Аларды өкүлчүлүктөгү башка адамдар ажыратышты», - деп билдирди окурман.