09:33 / 01.02.2018

Жибек Жолу-Республиканскаядагы унаажуучу жайдын ээсине шаар көрктөндүрүү эрежелерин бузганы үчүн протокол түзүлдү, - мэрия

Бишкек шаарынын мэриясы окурмандын Жибек Жолу-Республиканскаядагы унаажуучу жайдын суусу тротуарда тоңуп калган маалыматын карап чыгып, жооп берди:

 

«Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы аталган даректеги унаа жуучу жайды текшерип, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгын аныктады.

 

Ошондой эле, ээси А.Кенешовдин атына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди».