15:41 / 14.05.2018

Аламүдүн мектебинин тарых кружогунун окуучуларына «Ата-Беитте» экскурсия өткөрүлдү

Чүй областындагы №1 Аламүдүн мектебинин тарых кружогунун окуучуларына «Ата-Беит» мемориалдык комплексинде экскурсия өткөрүлдү. Бул тууралуу окурман Кылыч кабарлады.


Анын айтымында, окуучулар тарыхта калган окуялар менен жакындан таанышып, терен маалыматка ээ болушту.