16:09 / 15.05.2018

Ат-Башынын Терек-Суу айылында куураган бак-дарактар коркунуч жаратууда (сүрөт)

Ат-Башынын Терек-Суу айылында куураган бак-дарактар электр чубалгыларын кыйроого алып келүүдө, деп билдирди окурман.

 

Ал бактардын сүрөтүн жиберип, Мамет Табалдиев көчөсүндөгү номер №15 үйдүн жанында тартылганын белгиледи.

 

«Ошондой эле чириген бактар адам өмүрүнө коркунуч жаратууда. Тийиштүү органдардын чара колдонуусун суранам», - деп кошумчалады окурман.