10:01 / 21.05.2018

Активистер Ош шаарындагы Чкалов көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзүштү (сүрөт)

Ош шаарында жайгашкан Чкалов көчөсүндө активистер шагыл төгүп, оңдоо иштерин жүргүзүштү, деп маалымдады окурман Адилет.


Анын айтымында, жаз келгенден бери жамгыр жаап, көчө ылай болуп, жашоочулар кыйналып жатышкан.


«18 майда Ош облустук мамлекеттик архивинин жетекчисинин инициативасы менен жолго шагыл төгүлүп, Ош облусттук мамлекеттик архивдин балдары жана Чкалов көчөсүнүн тургундары оңдоо иштерине катышты», - деп белгиледи ал.