Репортер

20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр Токтогулдагы Кара-Жыгач айылына спорт комплекс жана кичи футбол аянтча куруп беришти (сүрөт)

5382

Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөр кичи футбол аянтчасын курушуп, спорт комплекстин ачылышын уютурушту.

 

Уюштуруу коммитетинин төрагасы Кубандык Чокогуловдун айтымына караганда, 1998-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөр айылына спорт комплексти түптөшүп, ичине заманбап кичи футбол аянтчаны өздүк каражаттарынын эсебинен жа айылына кайдыгер карабаган жаштардын, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен биргеликте курушуп, ачылыш аземин өткөрүштү.

 

«Спорт комплекске коомдук ишмер, спортсмен Тургунбек Аккучуковдун ысымы берилди. Кичи футбол аянтчасын курууга жалпы 1 млн 250 мин сомдук иш аткарылган. Анын ичинен 50 мин сом иш кагаздарын бүтүрүүгө, 400 мин сомдук жумуш айыл жаштарынын эмгегинин жардамы менен, ал эми калган 800 мин сомдун тегерегиндеги акча каражаты курулуш материалдарын сатып алуу жана башка жумуштарга коротулган.


Аймактарды өнүктүрүү жылына карата, өкмөт бизге эмне кылып берет, дебестен: «Биз туулуп өскөн айлыбызга эмне кылып бере алабыз?» - деген ой менен спорт аянтчасы 2018-жылдын 2-апрелинде курулуп баштап, 25-майда 70% пайызга бүтүрүлүп, ишке берилди.


2018-жылдын 25-майында бул спорттук объектинин салтанаттуу ачылыш аземине айыл аксакалдары, жаштары, Торкент айыл өкмөтү жана Токтогул райондук администрациясынын башчысы катышып, кичи футбол аянтчасына атайын жасалма газон килемин жакынкы аралыкта төшөтүп берүүгө сөз берип, атайын фонддун эсебинен 953 мин сом акча каражаты каралып жатканын элге билдирди», - деп кабарлады ал.


Спорт комплекстин ачылыш аземине карата 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн маарекесине арналган кичи футбол боюнча биринчилик Кубок мелдеши өткөзүлүп, жеңүүчүлөрдү медальдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйлашты, деп белгиледи ал.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?