8-май күнү Лейлек районунун Исфана шаарына караштуу Кара-Таш айылында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата ушул айылдан чыккан, Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун 95 жылдык юбилейлик маарекесине арналган майрамдык салтанат жогору деңгээлде өткөрүлдү.
Майрамдык салтанатка Исфана шаарында жашоочу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин катышуучулары, ошондой эле ооруктун ардагерлери катышышты. Ардагерлерге жана чакырылган конокторго мектеп окуучулары «Аталар Ала-Тоодой элесиңер, согуштан жеңиш менен келгенсиңер» аттуу адабий-музыкалык композициясын тартуулашты.
Ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун атындагы чоң спорт аянтчасынын ачылышы болуп өттү. Ачылуу аземинден кийин Лейлек районуна караштуу айыл өкмөттөрүнөн жана Сүлүктү, Исфана шаарларынын командалары арасында спорттун 6 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.


Комментарии