Репортер

Сүйүктүү апам: Тайэнем Карабашева Зейнептин амандыгын тилейм, - окурман(фото)

3741

«Мен өзүмдүн таенем жөнүндө айткым келет. Таенем Карабашева Зейнеп азыр 79 жашта. Үйүбүздүн кутман карысы, "Баатыр эне". 5 кыз 2 уулду төрөп өстүргөн. 15 неберенин чоң эне, тайэнеси. Токтогул районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте 30 жыл математика сабагынан билим берген мугалим болуп эмгектенген.

Таятабыз Изамбаев Самидин экөөнүн баш кошконуна 55 жыл болду. Таятабыз да Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте англис тили мугалими болуп 52 жыл иштеди. Таенемде кыргыз аялзатынын, кыргыз эненин баардык касиеттери сакталган. Анын улуулугу да, убайым тарткан санаачылдыгы да ушунда. Жүзүндөгү ар бир бырыштан анын алдынча балдары өмүр бою карыздар экенибизди сезгендей болобуз.

Азыр таенебиз шаарда. Неберелерине келген. Анын энелик мээриминин алдында өзүмдү алда канча кичине, алда канча жаш бала сезем. "Апамдын апасы", деген ой, анын тирүү жүргөнү эле бизге бакыт.

Таене — сизди келе жаткан Энелер күнү майрамыңыз менен куттуктайм. Ар дайым бар болуңуз», - деп билдирди небереси.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?