«14-майда Нарын облусундагы Таш-Дөбө орто мектебинде «Улуу катаган жаштары» коому башталгыч класстар арасында «Башталгыч класс - Билимдин пайдубалы» аттуу сынак уюштурду. Сынактын негизги максаты мектепте билим деңгээлин жогорлатуу, окуучуларды сабакка кызыктыруу, мугалимдерди колдоо жана мектепке жардам көрсөтүү болду. Конкурс окуучулар арасында окуу темпи, жат жазуу, текшеруу иш аркылуу жүргүзүлдү. Иш-чарага Айыл өкмөттөн, айылдык депутаттар, ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышты. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн класс жетекчилерине Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо берилди. Конкурска катышкан мугалимдер жана мыкты окуучулар сыйлыктар менен сыйланышты», - деп билдирди окурман.
Кыргызча:Таш-Дөбө орто мектебинде башталгыч класстар арасында сынак болуп өттү - окурман (фото)
18 мая 2015, 12:38
Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!
Читайте Репортер в
Комментарии