Репортер

Кыргызча: Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк жолдо суу агып жатат, көчүп түшүшү мүмкүн, - окурман (фото)

4240 Не ответили

«Азыр эле Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк жолдон (подземка) өттүм. Анын үстүнөн суу агып жатат, жакында конструкция көчүп түшүшү мүмкүн. Азыр баардык конструкцияны тиреп турган түркүктөр урай баштаптыр. Ал жердеги сатуучулар менен сүйлөштүм. Алар өтмөк жолдун администрациясына бир нече жолу кайрылышкандыгын, бирок эч кандай чаралар көрүлбөгөндүгүн айтышты. Чындыгында бул сүрөттөгүдөн да коркунучтуу көрүнөт. Жакында жер алдынан өтмөк жол кулаганы турат. Көп адамдардын өмүрлөрүнө коркунуч жаралып жатат», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?