Репортер

Кыргызча: Ошто касапчылар мал арзандаса дагы, этти 340 сомдон түшүрбөө үчүн касам ичишти, - окурман ( фото, видео)

2911

«6-июнь күнү Ош шаарындагы «Альбион» чайханасында шаардын жүзгө жакын касапчылары (эт сатуучулар) чогулуп мал арзандаса дагы этти арзандатпоо боюнча касам ичишти. Касапчылардын көпчүлүгү кыргыздар эмес. Бири-бирин сынга алып, айрыкча Андижан көчөсүндөгү эт сатуучуларды «Силер неге эттин баасын 330 сомго түшүрөсүңөр», деп кысмакка алышканда, алар «Бизге эти 280ден жеткизип берип жатат биз ар килограммына 50 сомдон кошуп сатабыз», деп кутулмакчы болушту эле, олтургандардын бири «Мен 250 сомдон жеткирип берем, эч ким 340 сомдон түшүрбөсүн» деп оозун жапты. Ошентип мал канчалык арзандабасын этти 340 сомдон арзандатпоону өз-ара чечишишти.

Эгер бизде эт сатуучулар бааны өздөрү чечишсе мэрия, антимонополия дегендер эмне жумуш аткарып жатат?», - деп суроо салат окурман.

 


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?