На данную новость получен ответ Кыргызча: Шамалда «Альтра s» клиникасынын чатыры үзгөн зымдар толугу менен оңдолду, - мэриянын жообу
«Урматтуу мэр жана Свердлов районунун акими Жибек-Жолу 443 дарегине көңүл буруңуздар. «Альтра s» жеке менчик клиникасынын чатырын шамал учуруп кетип, электр зымдарын үзгөн. Зымдар үч күндөн бери жерде жатты. Тургундарда электр жок. Клиникада болсо бар. Клиниканын ээси электр чубалгыларын калыбына келтирген жок. Былтыр да ушундай болгон. Чатырын жакшылап оңдотсо болмок. Менин үйүмдүн 3 фазалуу электр тогун калыбына келтирбей жатышат. Чатыры зымдарга кулап түшкөндө үйдөгү жабдыкардын баары күйүп кетти», - деп билдирди окурман.
Комментарии