Репортер

Кыргызча: Шамалда «Альтра s» клиникасынын чатыры үзгөн зымдар толугу менен оңдолду, - мэриянын жообу

1478

Окурмандын Жибек-Жолу 443 дарегинде «Альтра s» жеке менчик клиникасынын чатырын шамал учуруп кетип, жеке менчик үйлөрдүн электр зымдарын үзүп, бирок оорукана жетекчилиги зымдарды оңдоп бербей жатканы боюнча маалыматына Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүдөй жооп берди.

 

«Түндүкэлектр» башкармалыгынын берген маалыматында жогоруда көрсөтүлгөн даректе калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктаган. Ошондой эле маалыматта берилген «Альтрас» менчик клиникасы Биринчи май районунун аймагына киргендиктен туура жана так маалыматтар жок болууда. Муну менен катар «Түндүк электро» башкармалыгынын кыматкерлери тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө».

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?