Репортер

Кыргызча: Абдрахманов көчөсүндө үзүлгөн кандайдыр бир зым тротуарда, сууда кооптуулук жаратып жатат - окурман (фото)

3482 Ответили

На данную новость получен ответ Кыргызча: Мэрия Байтик Баатыр кочосундо тушуп калган кабель боюнча жооп берди

«Кечээ, 18-июнда саат 19:00 чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү көпүрөнүн үстү жагында тартылган сүрөттөр. Шамалда үзүлүп калган кандайдыр бир зым дарактарга, жарнамалык такталарга илинип, ал тургай жерде да жатат. Гүл өскөн жерде жаткан зымга гүлдөргө суу чачылып жатканда да жатат. Кокус ал электр зымы болсо эмне болот? Гүлдөргө суу чачыраткандар да зымды өйдө коопсуз жакка алып койбоптур. Бул зым тротуарда да тебеленип жатат. Мэрия эмнени карап отурат? Мэрия «Түндүкэлектрге» же дагы бир кызматтарга шылтоолойт. Алары бизге карабайт деп «суудан кургак чыгат». Кокус кырсык болуп, бирөөнү ток урса, кимиси жооп берет? Качанкыга чейин ушундай кооптуулук жараткан шалаакылыктар улана берет. Жок дегенде өз убагында чара көрүлсө болмок», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?