Репортер

Кыргызча: Бишкектеги тротуарларда адамдарга тоскоолдук жаратып өскөн дарактар, - окурман (фото)

4128 Ответили

На данную новость получен ответ Кыргызча: Бишкектеги тротуарларда адамдарга тоскоолдук жаратып өскөн дарактар, - окурман (фото)

Окурман шаардын көчөлөрүндөгү тротуарларда адамдарга жолтоолук кылып өскөн дарактардын сүрөттөрү менен бөлүштү.

 

«Бул сүрөттөр 19-июнда саат 19:00 чамасында тартылган. Тынчтык проспектисинде Мамлекеттик каттоо кызматынын жанында дарак тротурга чейин өсүп, адамдар эңкейип өтө турган болуп калган. Кыргызстандагы эң чоң мекемелеринин бири болгон Мамкаттоо кызматы ушул бутакты кесип койгонго жарабайбы? Ахунбаев көчөсүндөгү Медакадемиянын алдында да ушул эле көрүнүш. Канча студенттен контракт төлөтөт, акысын төлөп болсо да бир бутакты кестирип кое албайт. Сөзсүз эле башка кызматтарга шылтоолоп коюш туура эмес деп ойлойм. Мындай дарактар, Ахунбаев көчөсүндө башка да жерлерде өсүп турат», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?