Репортер

Кыргызча: «Репортердун» жардамы менен Ошто электр мамысын курчап өскөн дарак тегизделди, - окурман (фото)

2773

«Репортердон» Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүндө дарыкананын жанында дарак электр мамысын курчап өсүп, кооптуулук жаратып жатканы боюнча маалымат чыккандан бир нече күндөн кийин Ош мэриясы «Репортер» аркылуу ал дарактар тегизделгенин айтып жооп берген. Бирок бул маалымат жалган болуп чыккан. Окурман 19-июнда саат 12:30да тартылган сүрөттөрдү жиберип дарак тегизделбегендигин айткан. «Репортердон» дарактын тегизделип кооптуулукту жоюлду деген маалымат жалган экендиги маалымдалган.

 

Бирок 19-июнда мэриянын маалыматы жалган деген жаңылык чыккандан кийин, ошол эле күнү кечинде атайын кызматтар келип, электр мамысын курчап өскөн даракты тегиздешкен. Окурманыбыз ал сүрөттөр менен да бөлүштү.

 

«Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүндө дарыкананын жанында дарак электр мамысын курчап өсүп, кооптуулук жаратып жатканы боюнча 19-июнда кайрадан чыккан маалыматтан кийин атайын кызматтар келип, ошол күнү кечинде даракты тегиздеп кетишти», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?