Репортер

Кыргызча: Оштогу сейил бак Мырзакматовдун туугандарына өтүп кеткени такталды, - Ош мэриясынын жообу (фото)

6377

8-июнда Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө Уркуя Салиева атындагы мектептин маңдайында сейил бакты калыбына келтирүү боюнча эч кандай чараларды көрүлбөй, жергиликтүү ээлдер бала-чакалары менен барып, эс ала албай жаткандыктары тууралуу маалымат чыккан.

 

Аталган маалыматка Ош мэриясы төмөнкүдөй жооп берди.

 

«Ош шаардык мэриясынын Коомчулук менен байланыш кызматы аталган маалымат порталына чыккан сын материалга жооп берүү максатында «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты», «Ош тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканалары менен байланышып, окурмандар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү жеринде иликтөөгө алды. Натыйжада аталган сейил бакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалоо, эстеликти оңдоп-түзөө иштери аталган ишканаларга тиешелүү эместиги такталды.

 

Жогорудагы эле максатта «Шелкокомбинат» сейил бакка ээлик кылуучунун таржымалынын тактоо багытында Ош шаардык муниципиалдык менчик жана Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыктарына кайрылып, төмөндөгү фактылар ачыкка чыкты. Мыйзам чегиндеги бир топ аракеттерден улам гана кароосуз калган сейил бактын чыныгы кожоюндары табылды.

 

Окурман сын айткан Ош шаарынын Курманжан Датка №10-аймактык Кеңешинин Гагарин көчөсүнүн №17 Б дарегинде жайгашкан «Шелкокомбинат» сейил багынын жалпы аянты 8484 чарчы метр жер тилкеси 2007-жылы 28-апрелдеги Ош шаардык мэриясынын №745-Токтомунун негизинде Мирзахмедова Дунайга (Ош шаарынын экс мэри Мелис Мырзакматовдун апасы) 5 жылдык мөөнөт менен ижарага көрктөндүрүү жашылдандыруу максаттында берилгендиги такталды.

 

Д.Мирзахмедовага ижарага өткөндөн тарта сейил бактын таржымалы татаалдана баштаганын төмөндөгү фактылардан улам байкоого болот. Ижара мөөнөтү бөтпөй туруп, 2009-жылдын 8-июндагы Ош шаарынын мэриясынын №711-Токтому менен аталган сейил бак Бекмурзаев Бакытбек Зиябидиновичке (экс- мэр Мелис Мырзакматовдун күйөө баласы) жогорудагыдай эле максатта 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилет.

 

Таң калыштуу жагдайда арадан эки ай убакыт өтүп-өтпөй, 2009-жылдын 4-августунан тарта аталган жерге убактылуу ээлик кылуучу Д.Мирзахмедовадан мураска 1999-жылы 19-майда туулган Мелисбек уулу Рысбекке (экс-мэр Мелис Мырзакматовдун баласы) өткөндүгү туурасында мамлекеттик нотариус К.Зулпукаровдун колу жана мөөрү басылган күбөлүк (мыйзамсыз) берилген.

 

Баса белгилеп кетүүчү жагдай ал сейил бакка мураскер катары таанылган Мелисбек уулу Рысбек ал учурда он жашта болгон. Негизгиси бул сейил бактын тарыхы Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго барып байланууда.

 

Ал эми ижара ээси ким болбосун жогорудагы токтомдордо бекитилген пунктарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө, айлана-чөйрөнү иреттүү кармоого, отургучтарды оңдоп, сырдоого милдеттүү болгон.

 

Азыр ал сейил бак боюнча учурда Ош шаардык муниципиалдык менчик башкармалыгынын ижара бөлүм мыйзам чегинде тиешелүү иш-аракеттерди көрүп жатат».

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?