Репортер

Кыргызча: Панорамада унаа токтоткон үчүн 50 сомдон алышат, бул мыйзамдуубу? - окурман (фото)

2752 Не ответили

 «Бишкек шаарыбыздын, чет жагындагы белгилүү Панорама эс алуучу жайыбыз бар. Кечээ, 29-июнда Панорамага эс алуу үчүн барганбыз. Эл Панораманын жанына унааларын токтотушса, ошол жерде 2 жаш бала «Унаа токтоткондугуңуз үчүн» деп ар бир айдоочудан 50 сомдон алып жатышты. «Эмне үчүн 50 сом аласынар?» десем, «Бул жеке менчик жер, ошон үчүн төлөйсүңөр» дейт. «Документинер барбы?» десем, жок дешет. «Бул жер кимге караштуу?» деп сурамсам, «Мекен деген адамдыкы» деп жооп беришти. Сүрөттө 50 сом төлөгөндөн кийин берилген талон тартылган. Балдардын өзүлөрүн караңгыда сүрөткө тарта албай калдым.

Күнүгө Панорамага эң аз дегенде 50дөй унаа барат. Ошол унаалардын акчалары кайда кетет? Кимдин чөнтөгүнө түшөт?, Бийликтелер ушуну текшерип коюшса болмок», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?