Репортер

Кыргызча: Абдрахманов көчөсүндөгү курулуштардын краны кооптулук жаратышы мүмкүн, - окурман (фото)

3727 Не ответили

«Бул сүрөттөр кечээ, 6-июлда саат 17:00 чамасында тартылган. Абдрахманов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде 2 жерде курулуш жүрүп жатат. Курулуштардын биринчиси «Master Group» ишканасына таандык. Курулушта колдонулган жүк илип өйдө чыгаруучу крандын узун темири түз эле тротуардын үстүнө тушталган боюнча калган. Кокус кырсык болуп кулап кетсе, тротуарда бара жаткан адамдарга зыян тийгизиши мүмкүн. Курулуштун жумушчулары иш бүткөндө кранды коопсуз тарапка буруп токтотушун көзөмөлдөш керек», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?