Окурмандын жаш баласына Бишкектеги дарыканадан алган упчу сыяктуу тиштегилей турган буюмдун ичинен суюктук чыкканы боюнча маалыматына, ошол буюмду чыгарган BEBENEO ишканасынын атайын өкүлү болгон «Сагитта» ишканасы төмөнкүдөй жооп берди:
«Урматтуу кардар сизди «Сагитта» компаниясынын кенсесине кайрылуунузду өтүнөбүз. Биз BEBENEO фирмасынын Кыргызстандагы атайын өкүлүбүз. Сүрөткө караганда бул буюм ушул компанияда өндүрүлөт. Биз сөзсүз жарактан чыккан буюмду алмаштырып беребиз. Биздин байланыш номер: 89-97-67, Элебаев көчөсү-19.
BEBENEO ишканасынын продукциясынан жарактан чыккан буюм өтө аз кездешет, бирок тилекке каршы кээде чыгып калат. Бөбөктөргө арналган буюмдун ичиндеги суу, тазаланган иондолгон суу. Баланын ден-соолугуна зыянын тийгизбейт. Баардык өндүрүлүп жаткан продукциялардын сертификаты бар. Компаниянын атынан Сизден кечирим сурайбыз».
Комментарии