Репортер

Кыргызча: Абдрахманов көчөсүндөгү жарнактардын башаламандыгын ким токтотот? – окурман(фото)

2944 Не ответили

«Бул сүрөттөр бүгүн, 9-июлда Абдрахманов көчөсүнүн Чүй көчөсүнөн ылдый Дордойго кетип бара жаткан тилкесинде 20 минут мурда тартылды. Шаардагы жарнак жаатындагы мындай башаламандыкты ким тыят? «Тазалык» жана «Жашылдандыруу» ишканалары, Бишкек мэриясы каяктагы карап жатат? Шаардын көркү бузулганы аз келгенсип, бак-дарактара зыян келтирип жатышат. Алардын баары дарактарга мык менен кагылып турат. Мындан тышкары жарнактардын бириси дагы кыргыз тилинде эмес. Мындай көрүнүш бул көчөдө эле эмес башка көчөлөрдө да көп байкалат. Мэриянын күчү жетпесе атайын органдар менен биргеликте чара көрүшү керек», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?