2015-жылдын 30-июнь күнүн болжол менен 16:00 чамасында Кара-Кулжа районунун 1-май айылына караштуу Ак-Таш жайлоосунун Балыксуу учаскасынан 16.10.2007-жылы туулган Көчкөнбаев Нурсултан Урматбекович чатырдан батыш тарапты көздөй чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 10 күндөн берки издөө аракеттеринен жыйынтык чыкпай жатат. Нурсултанды табууга коомчулуктан жардам сурайбыз.
Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 115-120 см, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кыска саргыч түстө, бет түзүлүшү тоголок формада, өңү сары, көзү күрөң, мурду жалпагырак.
Кийген кийимдери: үстүндө көк түстөгү футболка, күрөң түстөгү чолок шым, бутунда кара түстөгү жайкы бут кийим. Эгерде Нурсултандын жүргөн жерин көргөн-билгендер болсо төмөндөгү телефон номерлерге билдирип коюшуңуздарды суранабыз. Кара-Кулжа РИИБ 0556 13-02-88 (03239) 5-03-86
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Комментарии