Репортер

Кыргызча: Эмнеге «KIСB» банкы иш кагаздарын кыргыз тилинде дагы жүргүзбөйт? – окурман (фото)

2653

«Бүгүн, 10-июлда саат 13:10 чамасында Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «KIСB» банкынын башкы имаратында болдум. Бул банктагы иш кагаздарында орус жана англис тилдеринде гана маалымат бар. Мага окшогон айылдан келген карапайым адамдар эмне кылат? Көргөн адамдар деле «бул жер Кыргызстанбы же...?» деген ойдо калат болуш керек.

 

Тейлөөчү кызга кыргыз тилиндеги баракчаларды берүүнү айтып, «биз кайсы мамлекетте жашап жатабыз?» деп да сурадым. Ал «мен эч нерсени чече албайм» деп жооп берди.

 

«Анда менин даттанууму «жогору жакка» жеткириниз» деп суранып чыгып келе бердим. Кандай чара көрүлөт? Кимдер чара көрүшөт?

 

Мындай көрүнүштөр башка дагы бир топ мекемелерде байкалат. Элдин ыңгайлуулугу үчүн кыргыз тилинде дагы иш алып барышса болмок», - деп билдирди окурман.

 

Окурмандын «KIСB» банкы иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзбөй тургандыгы боюнча маалыматына банктын жетекчилиги төмөнкүдөй жооп берди:

«Урматтуу кардар, кайтарым байланышыңыз үчүн рахмат. Сизге азыркы учурда банктык документацияларды мамлекеттик тилге сапаттуу которуу боюнча чоң иштер аткарылып жаткандыгын билдиребиз. Которуу ишке ашырылары менен биз баардык кардарларыбызга сөзсүз маалымат беребиз. Банктын кызматкерлеринин көпчүлүгү мамлекеттик тилди билишет жана жаралган баардык маселелер боюнча кардарлар аларга кайрыла алышат. Биз ар бир кардарды баалайбыз жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө аракет кылабыз».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?