Репортер

Кыргызча: Оштогу айлампа жол начар абалда, шаар бийлиги көңүл бурбайт – окурман (фото)

4172 Ответили

На данную новость получен ответ Кыргызча: Оштогу абалы начар айланма жол шаардын аймагына кирбейт – мэриянын жообу

«11-июль күнү Ош шаарынын кире беришиндеги айлампа жолдон Ош шаарына күнүнө жүз миңдеген жарандар, коноктор кирип чыгышат. Бирок бул айлампаны шаар бийлиги эч көзөмөлгө албайт. Айлампанын тегерек четиндеги тосмо зымдар кайрылып, сынып, жараксыз абалга келген. Тосмонун ичиндеги жашыл газондогу чөптөр куурап калганы ал аз келгенсип, жергиликтүү тургундар ушул жердин кара топурагын казып кеткендеги издери да даана байкалып турат. Ошондой эле «Ош» деп жазылып турган жарнак дагы илгерки жазуу боюнча турат. Дагы бир маселе ушул эле айлампада жол чырактарынын жетишсиздиги унаа кырсыктарына себепкер болот. Кыргызда «эшигин көрүп төрүнө өт» деген макал бар. Ошонун сыңары шаар бийлиги ушул жерди заманбап үлгүдө жасап койсо болмок», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?