Репортер

Ошто жаш балалуу, бетин жапкан тилемчилер жолго чыгышып, кооптуу абалдарды жаратышат – окурман (видео)


«Ош шаарындагы автоунаа айдоочуларга ар тараптан ыңгайсыздыктарды жараткан, жол ортосунда бетин жаап алып, тилемчилик кылган жарандарды ким көзөмөлгө алат. Жергиликтүү тургундар мындай көрүнүштөргө нараазыбыз.

Кечээ 20-июлда Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө бетин жапкан тилемчи аялдар жол ортосунда туруп алышып, автоунаа башкарган айдоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратып жатты. Алар эч нерсеге карабастан жаш балдарын колуна көтөрүп, жол чырактар токтоору менен автоунааларга чуркашат. Андан тышкары «бул жол мага караштуу» деп бири-бири менен чатакташып кетишти. Мындай көрүнүш Ош шаарынын баардык автоунаа жолдорунда кайталанат. Акыркы убакта жергиликтүү бийлик тараптан бетин жапкан тилемчилерге көзөмөл, алар өзүлөрү каалаган жерде тилемчилик кылышууда. Бул ар кандай жол кырсыктарга алып келиши мүмкүн.

Ал эми автоунаа башкарган айдоочулардын айтымында, тилемчилер балдары менен жүрүп бара жаткан автоунаага чуркашканда айла жоктон токтошот. Себеби алар эч нерсеге карабастан автоунааны көздөй жүгүрүшөт. Акча бербесе да кырсыкка кабылуудан коркуп токтоого туура келет. Ошондуктан жергиликтүү бийликтен мындай масалелерге көзөмөл кылууну талап кылабыз», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү