Репортер

Жибек-Жолундагы аялдамадагы дүкөн адамдарга ыңгайсыздык жана кооптулук жаратат – окурман (фото)

2898 Жооп берилген жок

«Бишкектеги Абдрахманов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдама адамдар үчүн ыңгайсыз. Бул жерде эки дүкөн аялдаманын так өзүнө коюлган. Алар адамдардын унаа күтүп турушуна жана келе жаткан унааларды байкоого тоскоолдук жаратышат. Аялдама менен жолдун ортосунда бир метрге жакын эле аралык бар. Ал жерде да дарактар өсүп тургандыктан келе жаткан унааларды кароо ыңгайсыз жана кооптуу. Себеби унаа тосуш үчүн жолго чыгууга туура келет. Шаарда мындай туура эмес жайгашкан дүкөндөр көп. Мэрия чара көрөбү. Эгер чара көрө албаса, дүкөндөрдү жок дегенде аялдамадан бир аз алыс жайгаштырып коюшса болмок», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү