Репортер

Ошто суусу сасып адамды жийиркенткен арыктар азыр да тазаланбай жатат – окурман (фото)

2359

«Ош тазалык» ишканасы Ош шаарынын борбордук жолдорундагы арыктарга көзөмөл кылбайт. Бул тууралуу мындан бир нече күн мурда маалымат бергем. Бирок мындай шалаакылык айлап созулат. А.Масалиев көчөсүнүн арыктары азыр да тазаланбай жатат. Шаар жетекчиси эмне иш аткарып жатканы билинбейт. А.Масалиев көчөсүндөгү арыктар жылдап тазаланган эмес. Бир жума мурда арыкты тазалоо үчүн суу жүгүртүшкөн. Бирок суу жүгүртүшкөндөн кийин, калып калган суу сасып кетти. Бүгүн жол четинде басууга болбой калды. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жолдордун тазылыгына көңүл буруусун талап кылабыз», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү