Репортер

Киев көчөсүндө Жол күзөт кызматкери унаамды сүзүп, качып кетти, – окурман (фото)


«11-августта саат 15:00 чамасында Киев көчөсүндөгү Военторгдун жанынан Жол күзөт кызматынын кызматкери жеке менчик унааны (S8601AK) артты көздөй айдап бара жатып, менин унаамды сүздү.

Менин унаам Военторгдун жанындагы унаа токтотуучу жайда турган. Анын унаа болсо башка адамдын жолун тороп токтоп турган. Алардын ортосунда чатак чыкты. Мен Жол күзөт кызматкерин сүрөткө тартып калдым. Андан кийин ал унаасын артка айдап жатып, менин унаамды сүздү.

Интернетте бул номур башка унааныкы экени көрсөтүлүп жатат. Менин унаамды сүзгөнүн көргөн күбө бар. Мен аны видеого тартып жетише албай калдым. Анткени Жол күзөт кызматкери кетип калат деп ойлогон эмесмин. Жөн кетпей Тоголок Молдо көчөсү тарапка жол кыймыл эрежесин бузуп кетти», - деп билдирди окурман.




Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү