Репортер

Мени зордуктаган адамга чара көрүлбөй жатат – окурман (фото)

18036 Жооп берилди На русском

Бул жаңылыкка жооп алынды Руководство ГУВД Бишкека взяло под личный контроль дело о том, что сотрудники РОВД не отдают женщине документы о том, что ее изнасиловали

Редакцияга зордукчудан жабыр тартып, бирок мыйзамдуу чаралар көрүлбөй жатканына нааразы болгон Аида Өзүбекова кайрылды.

«Мени 2014-жылдын 31-декабрында Умаров Курсант аттуу чала таанышым Бишкектеги Бородинский көчөсүндөгү үйүмө келип сабап, зордуктап кеткен. Зордукталганым экспертиза тарабынан такталган. Кайра эле 2015-жылдын 1-январынан 2-январына караган түнү келип мен эсимди жоготкончо катуу сабады. Эртеси мен Биринчи май РИИБке барып, Абдыганы жана Бекзат атуу кызматкерлерге арыз жаздым. Бирок алар арызды эч кимге бербей 3 күн алып жүрө бериптир. Андан кийин кайра барсам арызды Жаныш Тукешов деген тергөөчүгө беришиптир. 3-январдан 4-январга караган түнү үйгө иним Аскат келсе үйдү Курсант тоноп жатыптыр. Иним кармап «102» чалса, мага кол салды деп айтыш үчүн өзү эле дубалды, столду сүзгүлөп бети-башын жарыптыр. Анан барып, иниси мени сабады деп арыз жазыптыр. Ошол арыз кайра менин инилерим соттолуп жатат. Анан анын туугандары бизге силер тосмо арыз берсеңер биз силерге тосмо арыз беребиз дешкен. Бирок биз тосмо арыз берсек, алар тосмо арызын кайра кайтайрып алышыптыр. Эми инилерим соттолуп жатат. Мен дагы Курсанттын үстүнөн мурдагы арызды кайра каратыш үчүн арыз жазсам ошол иштердин документтерин Биринчи май районунун кызматкерлери таап бербей жатат. Биздин арыз боюнча жыйынтык чыкпай жаткандыгы үчүн Биринчи май районунун прокурору Акимбаева Гүлнарага, Жаныш Тукешовго нааразычылык билдиребиз. Мени зордуктаган Курсант Умаров болсо эркиндикте жүрөт. Бул иш боюнча тиешелүү органдар мыйзамдуу чара көрүшүн суранам», - деди Өзүбекова.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү