Саламаттыкты сактоо министрлиги Улуттук кардиология борборунун каралбай калган короосу боюнча жооп берди:
«Репортерго чыккан маалыматта жогорудагы эки сүрөттө көрсөтүлгөн короо Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна караштуу. Ал жердеги чөптөрдүн баары тазаланды, ал эми калган сүрөттөрдө көрсөтүлгөн аймак Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө тиешелүү. Улуттук госпиталдын администрациясынын айтымында, короо күнүгө эртең менен шыпырылып, кечкисин таштандылардын баары тазаланып турат. Күндүз ооруканада жаткан туугандарын көргөнү келген жарандар өзлөрүнүн тамак-аштарынын калдыктарын таштап кетишет. Ооруканага келген жарандарыбызды тазалыкка чакырат элек».
Комментарии