Репортер

А.Өзүбекова мени зордуктады деген К.Умаров анын айткандары жалган экендигин билдирди (фото)

26703 На русском

Редакцияга келип, мени Курсант аттуу чала таанышым зордуктады деп билдирген Аида Өзүбекованын билдирүүсүнө, ал айыптаган Умаров Курсант бир тууган эжеси Гүлзат Умарова менен чогуу келип, Өзүбекованын айткандары жалган экендигин билдирип жооп берди.

«Мени (Курсант Умаров) келинчегим Өзүбекова Аида өзүнүн инилерин коргоо максатында жалган жалаа менен мени ар кайсы жакка жамандап жатат. Себеби анын 3 иниси мени 2015-жылдын 4-январында түнкү 10:30 чамасында Аида экөөбүз жашаган Бородина көчөсүндөгү батирден сабап кетишкен. Инилеринин бирөөсү ИИМде иштейт. Аида экөөбүз үйлөнгөнүбүзгө 1-2 ай болгон. Нике кыйган молдолор, күбөлөр кошуналар бар. Инилери мени сабап койгондугу үчүн мен соттошуп жаткандыктан ал инилерин кантип болсо да сууруп чыгуу максатында мени жамандап жатат. Инилеринин иши азыр сотто. 4-сентябрда сот болот. Ошого чейин инилерин сууруп кетиши керек болуп жатат. Акчасы түгөнгөндө мени жамандап жазып акча алып жүрөт», - деди Курсант Умаров.

 

Ал эми Курсанттын бир тууган эжеси Умарова Гүлзат төмөнкүлөрдү кошумчалады.

 

«Аиданын милиционер иниси Өзүбеков Айдар өзүнүн кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, 8-февраль дем алыш күнү булар жашаган үйгө формачан барып, муну алдап чакыртып алып урган. Эжеси Аидага менин үйүмдө жүргөн Курсантты «мен сага тамак жасап койдум келип кал» түндө деп чакырткан. Себеби ага чейин Курсант «Аида арак иче берет аракеч экен, тамеки чеге берет экен, жашай албайт окшойм» деп менин үйүмө 30-январда келип алган», - деди эжеси.

 

«Анан мага Аида «сен келип мени менен жашабасан үйдөгү комузунду акардендоруңду сындырам» деп кат жазат. Мен ошол буюмдарымды алып кеткени барсам, менден мурда үйгө барып турган инилери кармап алып, сабап баштады. Соттук-медициналык экспертиза да бар. Алар күчкө салып менин манжа издеримди алыш үчүн бычакты, үйдүн кулпун талкалады деп айтыш үчүн кулпту да карматты. Кармабайм десем бычак такап, башыма вилкалар менен сайгылап сабашты. Кошуналарга болсо «бул урууну кармадык деп айтышат». Кошуналар «бул Аида экөө жашап жүрөт го» деп айтышса унчукпай калышкан. Сабап бүткөндөн кийин «102» кызматына чалып, ал жактан «эмнеге сабадыңар?» деп сурашса «бул жездем, эжем менен таарынышып кеткен ошол үчүн сабап койдук эч нерсе эмес» деп, Биринчи май РИИБке алып барып, Жаныш деген тергөөчүгө өткөрүп берет. Эртеси эжемдерге чалып, ал жактан чыгып ооруканага жаттым», - деди Курсант Умаров.

 

Бир тууган Умаровдор ошол окуядан кийин Аида Өзүбекова инилерин куткаруу максатында аларга тынчтык бербей жаткандыгын кошумчалашты.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү