Окурмандын «Репортердо» ОШМУнун кассасы өз убагы менен иштебей тургандыгы боюнча маалыматына университеттин басма сөз кызматы төмөнкүдөй жооп берди:
маалымат булагында берилген окурмандын маалыматына учурунда реакция берилди, учурда кассанын иштеп жаткандыгы анык.
«ОшМУнун кассасында саат 14:30 дан кийин күнүмдүк түшкөн каражат эсептелип мамлекеттик банкка өткөрүлөт. Бул убакыт аралыгында иштөөсүн токтотуп турган касса кайрадан саат 17:00гө чейин иштөөсүн улантат.
Белгилей кетсек, ОшМУда 2012-жылдан тартып айлык акылар, стипендиялар накталай эмес (банк аркылуу) төлөм аркылуу жүргүзүлүп келет. Ушул жылдын октябрь айынан келишимдик акылар да накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт»
Комментарии