Репортер

«Биримдик Кут» жаңы конушунун тургундарынын көйгөйлөрүнө чара көрүлбөй жатат, – окурман (фото)

3072

«Биримдик Кут» жаңы конушунун жашоочулары өзүлөрү мыйзамдуу түрдө сатып алган жерлерин арестке коюлушуна каршы. 2012 жылы жер сатыла баштаганда, жер сатып аларда документтерин карап, башкы планды көрүп туруп, Аламүдүн мамкаттоо кызматынан каттатып туруп, ошол эле райондун архитектурасынан казык кактырып, үй салууга уруксат алып, Лебединовка айылынын 24 контурунан 1,5 миң адам жер тилкелерин сатып алышкан. Эми болсо 1 жылдан бери ал жерлер аресте турат.

9-сентябрда мыйзамдуу деп алган жерибизди арестен чыгарып, мамлекеттин балансына алышын, суранып маалымат жыйын өткөргөнбүз. Бирок бир дагы мамлекттик органдын өкүлдөрү келип түшүндүрүп жооп бербегендиктен жашоочулардын нааразычылыктары күчөп жатат.

Ар кандай маалымат булактарда Лебединовкадагы «Биримдик Кут» жаңы конушуна тиешелүү так маалымат берилбей жатат. Трансформация жокко чыгарылса, алган жерибизди кантип документештиребиз? Берилген кызыл китептер эмне болот? Архитектурадан сатып алган проектилер эмне болот? Элдердин 2-3 жылдан бери чуркап жүрүп, документ чогултуп киргизген электр жарыгы, жерге шагыл төгүлүп жолдор түшкөн булардын баары эмне болот?

Ушундай маселе менен жооп ала албай турабыз. Бийлик органдарынын бирөөсү да тийиштүү реакция кылган жок», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?