Репортер

Ошто партиялар жарнамаларын кыргыз тилинде жазбай, өзбек тилинде илип жатышат, – окурман (фото)

10222

«Шайлоо алдындагы үгүт иштери кызуу жүрүп жатат. Ош шаарында айрым партиялар жарнамаларын жалаң гана өзбек тилинде чыгарып илип жатышат. Көлөмү чоң жарнамаларда кыргыз тилинде жазуулар орун алган эмес. «КСДП», «Ата-Мекен», «Республика-Ата Журт», «Ар-Намыс» партияларынын жарнамалары өзбек тилинде жазылып турат. Өзбек улутунун өкүлдөрү кыргыз мамлекетинде кыргыз элинин арасында көп жылдардан бери жашап келе жаткандыктан кыргыз тилин жакшы түшүнүшөт. Көрнөк-жарнактардын маанисин түшүнүү үчүн кыргыз тили менен өзбек тилинин ортосуна тилмечтин кереги жок. Партиялардын шайлоодо добуш алуу аракети мамлекеттик тилдин колдонулбай калышына себеп болушу керек. Аталган партиялар бул маселеге чара көрүшөбү?», - деп сурады окурман.




Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?